Министрдин орун басары К.Абдрахманов: Чек арадагы ири инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууга эл аралык каржы институттарын, жеке структураларды активдүү тартуунун маанилүүлүгү жөнүндө

Новости
18-Май 2023-ж.
751

2023-жылдын 18-майында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министринин орун басары Канат Абдрахманов Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) Башкаруучулар кеңешинин 32-жылдык пленардык жыйынында билдирүү жасады.


Министрдин орун басары белгилегендей, бүгүнкү күндө мамлекеттик саясат экономиканы калыбына келтирүү жана реформаларды ишке ашыруу боюнча антикризистик чараларды чечүүгө багытталган, анын негизги максаты чарбалык субъекттерди колдоо, түз инвестицияларды тартуу жана сооданы стимулдаштыруу аркылуу экономикалык өсүштү тездетүү болуп саналат.


К.Абдрахманов өз билдирүүсүндө туруктуу өнүгүүгө жана ага байланыштуу түзүмдүк өзгөрүүлөргө токтолуп, акыркы геосаясий окуяларга байланыштуу терс кесепеттер тууралуу маалымат берди. Кылымдардан бери келе жаткан мөңгүлөрдүн эриши, ар кандай табигый кырсыктардын көбөйүшү менен коштолгон Борбордук Азия чөлкөмүндөгү климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу маселе өзүнчө козголуп, ири аймактык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн каражаттарды мобилизациялоо,  транспорттук инфраструктураны өнүктүрүү, ошондой эле энергетикалык жана азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу үчүн зарылдыгын көрсөттү.


Ошондой эле энергиянын кайра жаралуучу булактарынын эбегейсиз зор потенциалы белгиленди, аларды толук өлчөмдө пайдалануу Кыргыз Республикасына энергияга болгон өсүп жаткан суроо-талапты канааттандыруунун, энергетикалык комплексти диверсификациялоонун жана “жашыл” трансформацияны тездетүүнүн үнөмдүү жолун сунуштайт.


Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин башчысынын орун басары ошондой эле Башкаруу кеңешинин көңүлүн Борбордук Азия өлкөлөрүндө транспорттук инфраструктураны өнүктүрүүнүн комплекстүү планын иштеп чыгуу зарылчылыгына, анын ичинде жаңы автомобиль жолдорун жана темир жол, ошондой эле альтернативдик транспорттук соода коридорлорун өнүктүрүү жана аймактын байланышын жогорулатууга бурду. Баяндама учурунда Борбордук Азиянын бардык өлкөлөрү үчүн жогорку мультипликативдик эффект бере турган Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу долбоорун ишке ашыруунун перспективалары айтылды.


Сөзүнүн аягында министрдин орун басары ири чек ара инфраструктуралык долбоорлорун ишке ашырууга эл аралык каржы институттарынын, жеке структуралардын активдүү катышуусунун маанилүүлүгүн белгиледи.


Маалымат иретинде:

Кыргыз Республикасы менен ЕРӨБ кызматташтыгынын бүткүл мезгилиндеги операциялардын жалпы көлөмү 219 долбоорунун жалпы суммасы 881 миллион долларды түздү, бул каражаттар энергетика, инфраструктура, суу менен камсыздоо, транспорт, финансы секторун жакшыртууга жумшалды. Ошол эле учурда инвестициялардын 73% жеке секторго туура келет.

2022-жылы ЕРӨБ жылдык инвестициясы 13 миллиард еврону түзсө, анын 169 миллион евросу Кыргыз Республикасына жумшалган.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу