Стандартташтыруу жана метрология боюнча борборунда ISO сериясынын эл аралык стандарттарына ылайык окутууну жүргүзүдө

Новости
18-Май 2023-ж.
798

2023-жылдын 15-майынан 20-майына чейин Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология боюнча борборунда (мындан ары - Кыргызстандарт) Германиянын Физика жана технология институтунун (PTB) «Өнүктүрүү сапаттуу инфраструктуралык кызматтарды колдонуу» жана Түрк стандартташтыруу институту (TSE) колдоосу менен ISO сериясынын эл аралык стандарттарына ылайык окутууну жүргүзүдө:

- ISO 19011 «Менеджмент системаларынын аудити боюнча колдонмо»;

- ISO/IEC 17021 "Менеджмент системаларынын аудитин жана сертификациясын жүргүзгөн органдарга талаптар";

- ISO/TS 22003 “Азык-түлүк коопсуздугун башкаруу системалары. Тамак-аш азыктарынын коопсуздугунун менеджмент системасынын аудитин жана сертификациясын жүргүзгөн органдарга талаптар».


Бул тренинг Кыргызстандарт тарабынан тамак-аш азыктарынын коопсуздугунун менеджмент системасынын сертификациялык органын түзүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында уюштурулду, бул ата мекендик өндүрүүчүлөргө сертификаттоо боюнча чыгымдарды кыскартуу менен чет өлкөлүк менеджмент системасын сертификациялоо органдарына кайрылбастан, менеджмент системасын сертификациялоого мүмкүнчүлүк берет.


Мындай тренинг Борбор Азия өлкөлөрүндө өткөрүлбөгөндүгүнө байланыштуу Түрк стандарттар институтунун кызматташтыгынын алкагында Түрк стандарттар институтунун (TSE) эл аралык эксперт, окутуу бөлүмүнүн башчысы Фейзуллах Эрдоган лектор катары чакырылган.


Ошондой эле бул тренинг Кыргызстандарттын базасында бардык кызыкдар тараптардын – стандартташтыруу, метрология, аккредитациялоо, сертификациялоо боюнча органдардын, бизнестин жана университеттердин өкүлдөрүнүн катышуусу менен өткөрүлүп жаткандыгын белгилейбиз.


Тренинг Кыргыз Республикасында тамак-аш азыктарынын коопсуздугуна менеджмент системасын сертификациялоо боюнча улуттук органды түзүү үчүн мүмкүнчүлүк берет, анткени Кыргыз Республикасында мындай орган жок.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу