Кыргыз Республикасынын жарандары мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүүнүн сапатына баа бере алат

Новости
17-Май 2023-ж.
656

Жеке жана юридикалык жактарга мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүүнүн сапатын, аларды көрсөтүүнүн стандарттарын жана административдик регламенттерин кайра карап чыгуунун өз убагында жүргүзүлүшүнө баа берүү максатында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерциялык министрлигинин буйругу менен Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүүнүн сапатына коомдук мониторинг жүргүзүүнүн (тышкы баалоо) методологиясы бекитилди.


«Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык керектөөчүлөрдүн коомдук бирикмелери (ассоциациялар жана бирикмелер) мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатына тышкы баа берүүнү жүргүзүшөт, анын жыйынтыгы боюнча алар мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн типтүү жана административдик регламенттерин кайра карап чыгууну талап кылууга укуктуу.


Кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын баалоо мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүү системасынын маанилүү аспектилеринин бири болуп саналат. Бул системаны туруктуу жана кызматтардын акыркы колдонуучулары талап кылган өзгөртүүлөрдү кабыл алуучу кайтарым байланыштын бир түрү. Ошону менен бирге баа берүү (өзгөчө тышкы) мамлекеттин кызматтык функциясын башкарууга жарандардын катышуу формасы болуп эсептелет.


Баа берүүнүн негизги жыйынтыгы катары жер-жерлерде кызмат көрсөтүүдө реалдуу өзгөрүүлөрдүн канчалык деңгээлде болгонун белгилеп туруу зарыл.

Бул Типтүү методология кеңеш берүүчү мүнөзгө ээ жана мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүүнүн сапатын баалоо керектөөчүлөрдүн коомдук бирикмелери (ассоциациялары жана союздары) тарабынан өз алдынча ишке ашырылаарын белгилейбиз.


Стандарттык методология тууралуу кененирээк маалыматты Багыттар: Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр рубрикасынан тапса болот.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу