Товарларды чыгаруу убактысын изилдөө боюнча жыйынтыктоочу отчет СЖУКтун катчылыгында өткөрүлдү

Новости
17-Май 2023-ж.
789

Сооданы жеңилдетүү боюнча Улуттук кеңештин катчылыгында (СЖУК) товарларды чыгаруу убактысын 2-изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча Дүйнөлүк банктын жана ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү.


Бул изилдөө Дүйнөлүк Бажы Уюмунун (ДБУ) Нускамаларына ылайык, 2019-2024-жылдарга СЖУКтун иш-чаралар планына ылайык, Дүйнөлүк банктын жана ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин колдоосу менен өткөрүлдү.


Маалымат иретинде:

WTO Time Release Study (TRS) колдонмосу Бажы кызматынын реалдуу эффективдүүлүгүн жана натыйжалуулугун өлчөө үчүн уникалдуу курал жана ыкма болуп саналат, анткени ал чек арадагы сооданы жеңилдетүүгө түздөн-түз тиешелүү.

Ошентип, ЧУИ товарларды импорттоонун, экспорттоонун жана транзиттин кадимки процессинде бажы жана башка көзөмөлдөөчү органдардын ишинин тиешелүү аспектилерин өлчөйт. Изилдөө тышкы соода агымынын бул элементтерин так өлчөөгө,натыйжалуулукту жогорулатуу боюнча жакшы ойлонулган чечимдерди кабыл алуу жана иш жүзүнө ашырууга  багытталган. 


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу