КР Экономика жана коммерция министрлиги менен «Евразия Индастри» компаниясы (Ляонин) өз ара түшүнүшүү жана кызматташтык жөнүндө меморандумга кол коюшту

Новости
16-Май 2023-ж.
654

2023-жылдын 16-майында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин аянтында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги менен «Евразия Индастри» компаниясынын (Ляонин) ортосунда өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлду.


Меморандумга министр Данияр Амангелдиев жана «Евразия Индастри» компаниясынын (Ляонин) директорлор кеңешинин мүчөсү Цзян Юйсян кол коюшту.


Тараптар белгилегендей, бул Меморандум Кыргыз Республикасынын аймагында жаңы энергия булактарын (электромобилдерди) пайдалануу менен автомобилдерди жыйноочу заводду куруу, анын ичинде электромобилдерди тейлөө үчүн тийиштүү инфраструктураны түзүү мүмкүнчүлүгүн изилдөөгө өз ара кызыкчылыкты карайт. Өлкөдө электромобилдерди тейлөө борборлору, заряддоо станциялары жана электромобилдердин аккумуляторлорун алмаштыруучу станциялар бар.


Бул Меморандумдун алкагында “Евразия Индастри” (Ляонин) Бишкекте электромобилдерди жыйноочу заводдун курулушуна инвестиция салууну пландаштырууда, мында:

- инвестициянын көлөмү 150 миллион долларды түзөт;

- 500 жаңы жумушчу орун түзүлөт;

- өндүрүштүн пландаштырылган өндүрүштүк кубаттуулугу жылына 5000 (беш миң) электромобилди түзөт.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу