Женевада БУУнун/CEFACT форумунун алкагында КР Сооданы жеңилдетүү боюнча Улуттук кеңештин катчылыгынын өкүлдөрү жумушчу жолугушууларды өткөрүштү

Новости
15-Май 2023-ж.
622

Кыргыз Республикасындагы Соодага көмөктөшүү боюнча Улуттук кеңештин катчылыгынын өкүлдөрү Женевада өткөн 40-БУУ/CEFACT форумуна катышуу учурунда БУУнун ЕЭКтин Кызматташтык жана соода бөлүмүнүн башчысы Элизабет Тюерк менен жумушчу жолугушууларды өткөрүштү, анда алар БУУ ЕЭКтин колдоосу менен иштелип чыккан 2021-2025-жылдарга TFA Жол картасын ишке ашыруу боюнча мындан аркы кызматташуу жана өз ара аракеттенүү үчүн келечектеги маселелерди талкуулашты.


Ошондой эле, БУУнун ЕЭКтин Туруктуу транспорт бөлүмүнүн башчысы – Ю Вэй Ли 

менен жолугушуу болуп, анда транспорт коридорлорун өнүктүрүү, автотранспортту санариптештирүү жана E-TIR киргизүү перспективалары талкууланды.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу