Кыргыз Республикасынын делегациясы Женевада өткөн БУУ/CEFACT 40-форумуна катышты

Новости
15-Май 2023-ж.
618

ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин колдоосу менен Кыргыз Республикасындагы Сооданы жеңилдетүү боюнча Улуттук кеңештин катчылыгынын өкүлдөрүнөн турган Кыргыз Республикасынын делегациясы 2023-жылдын 8-майынан 10-майына чейин.Женевада (Швейцария) 40-БУУ/CEFACT форумуна катышты.

БУУ/CEFACT юбилейлик форуму сооданы жеңилдетүү, глобалдык соода жана жеткирүү чынжырын башкаруу келечегин түзүүдө негизги ролду ойнойт.

Форумдун алкагында дүйнөнүн 55 өлкөсүнүн өкүлдөрүнүн катышуусунда 30дан ашык интерактивдүү сессиялар өткөрүлдү, алар бажы жана соода процедураларын андан ары жөнөкөйлөтүүгө, дүйнөлүк сооданын өсүшүнө, дүйнөлүк соодада жаңы мүмкүнчүлүктөрдү издөөгө көмөк берет.

40-Форум маанилүү окуя болуп калды, анткени Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ичинен биринчи жолу Нурбек Максутов Кыргыз Республикасынан БУУ/CEFACT делегациясынын башчысы болуп дайындалды.

Белгилей кетсек, негизги сессиялардын бири дүйнөлүк жеткирүү чынжырындагы үзгүлтүктөрдү жоюу жана аларды чечүүнүн мүмкүн болуучу жолдору, анын ичинде БУУ/CEFACT тарабынан иштелип чыккан санариптик чечимдердин жана инструменттердин жардамы менен чечүү маселелери каралды. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Сооданы жеңилдетүү боюнча Улуттук кеңештин катчылыгынын жетекчиси Айдарбек Самыкбаев – КРдан делегат катары панелдик сессияга катышып, ошондой эле Форумдун катышуучуларына СЖУК Жол картасынын иш-чараларын ишке ашырууда ортодогу жыйынтыктар тууралуу маалымат берди.

Мындан тышкары, Форумда Кыргыз Республикасы үчүн актуалдуу болгон негизги маселелер, мисалы, КР СЖУКнун 2019-2025-жылдарга Жол картасын ишке ашырууда БУУ/CEFACT стандарттарын колдонуу тажрыйбасы талкууланды.

Ошондой эле транзиттик жүк ташуу документтерин санариптештирүү, жүктөрдү транзитке жана кагазсыз жүк ташуу документтерин иштетүүгө талаптарды жөнөкөйлөтүү маселеси боюнча биргелешкен жумушчу жыйынга катышуу кабыл алынды.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу