Венгер-Кыргыз өнүктүрүү фонду жана анын Башкармасы өз ишин штаттык режимде жүргүзүүдө

Новости
12-Май 2023-ж.
602

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги учурда Венгрия-Кыргыз өнүктүрүү фонду (мындан ары - Фонд) жана анын Башкармалыгы өз ишин штаттык режимде жүргүзүп жатканын, долбоорлорду каржылоого өтүнмөлөрдү кабыл алууну жана кароону улантып жатканын маалымдайт.


Фонддун бардык каражаттары Кыргыз Республикасы менен Венгриянын ортосундагы соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүүгө, экономиканы модернизациялоого, жаңы технологияларды тартууга жана өлкөнүн экспорттук потенциалын өнүктүрүүгө багытталган уставдык максаттарга жана милдеттерге ылайык гана пайдаланылат.


Ошол эле учурда, бүгүнкү күнгө карата Фонд жалпы суммасы 1 953 620 миллион долларды түзгөн үч долбоорду каржылоону жактырды.


Министрлик ошондой эле Фонддун мындан аркы эффективдүү иштеши үчүн Фонддун Кеңешинин жыйыны өтүп, анын жыйынтыгында жакынкы келечекке мындан аркы артыкчылыктуу милдеттер аныкталганын билдирди.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу