Базарлардын жана кичи базарлардын иштешине талаптарды белгилөө маселеси боюнча

Новости
10-Май 2023-ж.
570

Базарлардын жана кичи базарлардын иштешине талаптарды белгилөө маселеси боюнча “Kaktus.media” маалымат ресурсуна жарыяланган маалыматка байланыштуу Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги төмөндөгүлөрдү билдирет.


2023-жылдын 3-апрелинде кабыл алынган «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына салык салуу чөйрөсүндө өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 423-беренесине өзгөртүүлөр киргизилип, ага ылайык Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу базарларда жана кичи базарларда соода ишин жүзөгө ашыруучу жеке ишкер төмөнкү шарттарды сактоо менен 0,1% өлчөмүндө салык төлөйт.

1) кирешенин суммасы акыркы 12 ай катары менен 100 000 000 сомдон ашпаса;


2) иш ушул Кодексте белгиленген тартипте контролдук-кассалык машиналарды, электрондук эсеп-фактураларды жана коштоочу документтерди милдеттүү түрдө колдонуу менен жүзөгө ашырылат;


3) жеке ишкер төмөнкүлөр боюнча иш жүргүзбөсө:

а) товарларды өндүрүү;

б) алкоголдук продукцияны, тамеки буюмдарын, дары-дармектерди, медициналык буюмдарды, баалуу металлдардан жасалган зер буюмдарды сатуу;


4) жеке ишкер экспорттук-импорттук операцияларды жүргүзбөсө.


Мында базарлардын жана кичи базарлардын иштешине талаптар, анын ичинде алардын ээлерине карата талаптар Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.


Алсак, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин беренесинин жогоруда көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын базарларынын жана кичи базарларынын иштешине талаптар жөнүндө жобо нормасын ишке ашыруу максатында Экономика жана коммерция министрлигинин аянтында Кыргызстандын мамлекеттик органдарынын жана рынокторунун өкүлдөрү менен бир катар жолугушуулар өткөрүлдү.


Бул Жобо базарлардын жана кичи базарлардын реестрине киргизүүнүн жана чыгаруунун тартибин аныктайт. Ошону менен бирге, жеке ишкерлердин соода ишин жүзөгө ашырууга карата талаптар аныкталган. Ошентип, соода ишин жүргүзгөн жеке ишкер Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 423-беренесинде жана Жободо аныкталган бир катар шарттарды аткаруу менен 0,1% ставкасы боюнча салыкты колдоно алат жана төлөй алат.


Регламентте каралган шарттар сакталбаган учурда, салык кызматынын жазуу жүзүндөгү талабы боюнча базардын администрациясы жеке ишкер менен ижара келишимин 3 жумушчу күндүн ичинде бир тараптуу бузууга алып келет.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу