Экономика жана коммерция жаатындагы мамлекеттик тилдин абалы аттуу жыйын болуп өттү

Новости
10-Май 2023-ж.
540

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин жыйындар залында КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия тарабынан уюштурулган “Экономика жана коммерция жаатындагы мамлекеттик тилдин абалы” аттуу жыйын болуп өттү.


Жыйында КР Экономика жана коммерция министри Данияр Амангельдиев, Кыргызтест мамлекеттик мекемесинин директору Батма Топоева-Ставинская баяндама жасашты. Ал эми КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Каныбек Осмоналиев “Экономика жана коммерция жаатындагы мамлекеттик тилдин абалы: иш кагаздарынын жүргүзүлүшү, колдонулушу”тууралуу баяндама жасап, бир топ көйгөйлүү маселелерди ортого салды. 


Ошону менен катар бир нече сунуш-пикирлердин негизинде төмөндөгүдөй кайрылуу кабыл алынды:

- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги “Мамлекеттик органдарда мамлекеттик тилдин колдонулушу жана абалы жөнүндө” №15 протоколдук тапшырмасынын аткарылышын камсыз кылуу;

- КР Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 8-январындагы №864-V11 токтомунун аткарылышын камсыз кылуу.

- 2023-жылдын ичинде “КР мамлекеттик тили жөнүндө” КР мыйзамынын аткарылышы боюнча маселени мекеменин коллегиясында кароо.

-Министрлик жана ага караштуу мекемелердин веб-сайттарынын мамлекеттик тилде жүргүзүлүшүн камсыздоо (Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 17-февралындагы №59-т тескемесинин талаптарын аткаруу максатында).

- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 28-ноябрындагы №758 токтомунун талаптарын аткаруу, т.а. мекеменин кызматкерлерин “Кыргызтест” системасынан толук өткөрүү жана сертификаты бар кызматкерлерден иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүүнү талап кылуу.

- КР Министрлер Кабинетинин Төрагасы А. Жапаровдун 2022-жылдын 10-майындагы № 26-103 тескемесинин талаптарын аткаруу максатында министрликке караштуу мекемелердин Инфодокс системасына толук кошулуусун, системага катталган мекеме-уюмдардын аталыштарын, документтеринин (номенклатура боюнча) аталышын кыргыз тилинде так, туура берилишин камсыздоо.

- Иш кагаздарын тариздөөдө келип чыккан термин маселелерин бирдейлештирүү жана ирээтке келтирүү максатында КР Президентине карашуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын алдындагы Кыргыз энциклопедия жана терминология борбору менен иш алып баруу. 


Министрлик менен ага караштуу мекемелердин (республика боюнча) өз ара кат алышуусунун, борбордук аппаратынан чыгып жаткан иш кагаздарынын мамлекеттик тилдеги көрсөткүчүн жогорулатууну катуу көзөмөлгө алуу жана жагдайды жакшыртуунун механизмдерин иштеп чыгуу;


Аймактык түзүмдүк бөлүмдөрдө иш кагаздарынын мамлекеттик тилде сабаттуу жүргүзүлүшү боюнча атайын чараларды уюштуруу.


Жыйынга Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министринин орун басарлары жана министрликтин аппарат кызматкерлери, түзүмдүк бөлүмдүн жетекчилери жана ЖМК өкүлдөрү катышты.



Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу