Оштогу Аймактар аралык башкармалыгынын башчысынын орун басары Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Исак Кубатовго барды

Новости
09-Май 2023-ж.
614

2023-жылдын 9-майында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерциялык министрлигинин Оштогу Аймактар аралык башкармалыгынын башчысынын орун басары Акылбек Садиров Ноокат районундагы Ынтымак айылында жашаган Улуу Ата Мекендик согуштун  ардагери Исак Кубатовдун – майыптын үйүнө барып, ал-жайын сурап, кабар алды.


Ардагерди Улуу Жеңиш менен Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин атынан жана жеке өзүнүн атынан куттуктап, 1941-1945-жылдары көрсөткөн эрдиги, чыдамкайлыгы жана кайраттуулугу үчүн терең ыраазычылык билдирди.


Бакыт, чың ден соолук жана узун өмүр каалоолорун айтты. Ошондой эле конвертте белектерди жана акчалай жардамды тапшырды.


И.Кубатов 1925-жылы туулган, учурда уулу жана неберелери менен жашайт. 1941-жылдын ноябрь айынан 1945-жылга чейин 356-аткычтар дивизиясында кызмат өтөгөн. 1-даражадагы Улуу Ата Мекендик согуш ордени менен сыйланган.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу