Министрдин орун басары Н.Малаев Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерин келе жаткан Жеңиш күнү менен куттуктады

Новости
08-Май 2023-ж.
607

2023-жылдын 8-майында министрдин орун басары Назар Малаев Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин атынан жана жеке өзүнүн атынан ардагер Абдулхалик Гайсинди келе жаткан Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 78 жылдыгы менен куттуктады.


Министрдин орун басары Абдулхалик Коюмовичке ийилип таазим этип, жылуу сөздөрүн айтты.


Ардагерге чың ден соолук, бакубатчылык, узун өмүр каалады!


“Жеңишке болгон умтулуулар сиздерди эч качан таштабасын, үйүңүздөрдө тынчтык жана береке кут болсун”, - деди Н.Малаев.


Ошондой эле конвертте белектерди жана акчалай жардамды тапшырды.


Эске салсак, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Абдулхалик Коюмович 1927-жылы туулган, 96 жашында да кайратынан кайтпай, рухун- күч-кубатын сактап калган. 14 жашынан баштап заводдо иштеген. 1944-жылы армияга чакырылган. Анын кызматы Уфага жакын жерде, андан кийин Уралдагы Кувандыкта уланып, Жеңишти тоскон. 1949-жылга чейин Малиновскийдин башкармасындагы байланыш түйүндөрүндө телеграфист болуп иштеген. Демобилизациядан кийин Казакстанга кайтып келип, андан кийин Украинадагы техникумда инженер-энергетик кесиби боюнча окуп, 1973-жылы Фрунзе шаарына көчүп келген. Ал Ленин атындагы заводдо  электромонтерлордун бригадири болуп иштеген. Пенсияга чыккандан кийин 2008-жылга чейин мамлекеттик резиденцияда электрик болуп эмгектенген. 

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу