Министр Д.Амангелдиев ардагерлерди, тыл эмгекчилерин жана республиканын бардык тургундарын Жеңиш күнү менен куттуктайт

Новости
09-Май 2023-ж.
592

«Урматтуу ардагерлер!


Экономика жана коммерция министрлигинин атынан жана жеке өзүмдүн атымдан Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 78 жылдыгы менен чын жүрөктөн чыккан куттуктоолорумду кабыл алыңыз!


78 жылдан бери биз ар бирибиз үчүн бул толкундатуучу, маанилүү майрамды – Улуу Ата Мекендик согуштагы совет элинин Жеңиш күнүн белгилеп келебиз. Бизди 1945-жылдагы жециш салютунан канча жыл ажыратпасын, убакыттын адамдын эс-тутумуна эч кандай күчү жок экенин сезебиз. 9-май ар дайым коомубузду бириктирген күн болуп кала бермекчи, фронттогу жоокерлерге – ардагерлерге, тыл эмгекчилерине таазим этип, өз өмүрүн берип, Мекенин коргогон баатырларды эскеребиз.


Ошол согушта тецдеши жок кайраттулукту, эрдикти жана жан аябастыкты көрсөтүп, советтик жоокерлер, анын ичинде биздин жердештерибиз элибиздин эркиндигин жана көз каранды эместигин коргоп, Мекендин жаркын келечегин коргошту.


Сизге жана жакындарыңызга чың ден соолук, бакыт-таалай, жакшы маанай, узун өмүр каалайм”.



Кыргыз Республикасынын

экономика жана

коммерция министри                                                                             Д.Дж.Аманге

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу