ЭКМде бажы кызматташтыгы чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдар менен Комиссиянын өз ара аракеттенүү маселелери талкууланды

Новости
04-Май 2023-ж.
675

2023-жылдын 4-майында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин Чоң залында Евразия экономикалык комиссиясынын Бажы кызматташтыгы боюнча Коллегия Мүчөсү (Министр) Эльдар Алишеров бизнес-коомчулук менен жолугушту, анын алкагында мамлекеттик органдар менен Комиссиянын бажы кызматташтыгы жаатындагы өз ара аракеттенүү маселелери талкууланды.


Ошондой эле, иш-чарага КР Экономика жана коммерция министринин орун басарлары Айнура Усенбекова менен Искендер Асылкулов, ошондой эле республиканын бажы жана салык кызматтарынын өкүлдөрү катышты.


Жолугушууда бир катар маселелер каралды, атап айтканда, төмөнкү маселелер талкууланды:

- ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өз ара соодасындагы көйгөйлөрдү чечүүнүн түрлөрүнүн бири катары жүктөрдү көзөмөлдөө үчүн ЕАЭБде навигациялык пломбаларды колдонуу. Навигациялык пломбаларды колдонуу транзиттик потенциалды жакшыртат, ошондой эле товарларды ташууга мамлекеттик көзөмөлдү минималдаштырууга жана ЕАЭБ аймагында мыйзамдуу жүгүртүүнү камсыз кылууга мүмкүндүк берет.

- Тышкы экономикалык ишмердүүлүктүн интернет-соодасы: өнүгүү перспективалары

- ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин мамлекеттик органдары менен бизнес өкүлдөрүнүн өз ара аракеттенүү практикасы.


Мындан тышкары, жыйындын катышуучулары ЕАЭБ алкагында салык, бажы жана экспорттук көзөмөл маселелерин, ошондой эле бизнес жүргүзүү үчүн электрондук кызматтарды киргизүү жана өркүндөтүү, эл аралык соодадагы артыкчылыктардын бири катары электрондук коммерцияны өнүктүрүү маселелерин көтөрүштү.


Жалпысынан жолугушуу конструктивдүү маанайда жана достук кырдаалда өттү.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу