Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо боюнча КР мыйзамдарын так сактоонун зарылдыгы жөнүндө

Новости
04-Май 2023-ж.
645

АКИpress маалымат агенттигинде 2023-жылдын 1-майындагы Фрунзе супермаркетиндеги абал боюнча (баа биркасындагы жана кассадагы баанын дал келбегендиги жөнүндө) маалыматтын негизинде керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын бузулушунун белгилери боюнча Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы материалдарды (басылмалар, сүрөттөр) изилдеп чыккан.


Аталган материалдарды, ошондой эле «Фрунзе» супермаркетинин өкүлү тарабынан берилген маалыматтарды кароонун жүрүшүндө Кызмат «Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-беренесинин нормаларын бузууларды аныктады, бул боюнча «Азия Ретейл» ЖАКсына карата укук бузуу жөнүндө протокол түзүлүп, Кыргыз Республикасынын «Жол бузуулар жөнүндө» кодексинин 390-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык кылмыш иши боюнча 50 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө жаза колдонуу жөнүндө токтом чыгарылган.


Ошондой эле, «Азия Ретейл» ЖАКтын өкүлү менен Кыргыз Республикасынын керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча мыйзамдарын так сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу