Ата мекендик товар өндүрүүчүлөрдү колдоо жөнүндө

Новости
03-Май 2023-ж.
687

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 
 
29-апрелиндеги 233 токтому менен  Акционердик коомдор уставдык капиталындагы үлүштүн 50 жана андан ашык пайызы мамлекетке, анын ичинде алардын туунду компанияларына таандык болгон мамлекеттик жана муниципалдык ишканалар, чарбалык коомдор тарабынан сатып алууларды уюштуруунун жана жүргүзүүнүн типтүү тартибине өзгөртүүлөр киргизилди. 


Мамлекеттик жана муниципалдык ишканалар, мамлекеттик компаниялар тарабынан ата-мекендик өндүрүүчүлөрдөн товарларды 2023-жылдын 16-мартындагы №112 Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин буйругу менен бекитилген тизмеге ылайык түздөн-түз келишим түзүү ыкмасы менен сатып алуу мүмкүнчүлүгү каралган. 


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу