Министр Д.Амангелдиев Кыргызстан элин 1-май – Эмгекчилердин майрамы менен куттуктайт

Новости
01-Май 2023-ж.
692

Урматтуу кыргызстандыктар!


Сиздерди жазгы эмгек майрамы менен куттуктайм!


   «1-май – тынчтыкты жана жаратмандыкты чагылдырган элдик майрам. Эмгек бардык убакта жыргалчылыктын жана өнүгүүнүн булагы болгон жана болуп кала берет. Өз өлкөңдүн жыргалчылыгы үчүн иштөөдөн өткөн асыл максат жок. Тынчтыктын жана эмгектин майрамы ар түрдүү кесиптеги, ар түрдүү курактагы адамдарды бириктирип, алардын жүрөгүнө үмүт менен ишенимди туудурат.  

Ар бирибиздин жаратууга, эмгектенүүгө, келечек муундарыбыз үчүн татыктуу жашоо деңгээлин камсыз кылууга умтулуу Кыргызстандын мындан аркы өнүгүүсүнө жана гүлдөп-өсүшүнө негиз болуп кызмат кылат деп ишенем. 

   Эмгектин жана тынчтыктын жаркыраган майрамы ар бир үй-бүлөгө кубаныч алып келсин. Баарыңыздарга чың ден соолук, бакыт-таалай, бакубатчылык жана тынчтык эмгек каалайм!”


Кыргыз Республикасынын 

Экономика жана коммерция министри                                       Д. Дж. Амангельдиев                                                    

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу