Министр Д.Амангелдиев Кыргызстан элин Бишкек шаарынын күнү менен куттуктайт

Новости
29-Апрель 2023-ж.
774

«Урматтуу өлкөбүздүн борборунун тургундары жана коноктору!

Сиздерди Бишкек шаарынын күнү менен куттуктайм!


Кыргызстан элинин турмушунда Бишкек өзгөчө орунду ээлейт. Бул борбор - мамлекетибиздин символу. Аймактагы ири экономикалык, саясий жана маданий борборлордун бири.


Борборубуз кеңейип, жакшырып, жаңыланууда. Заманбап жаңы имараттар тургузулуп жатат. Жолдорду реабилитациялоо боюнча ири долбоорлор ишке ашырылууда. Бишкектиктердин өлкөнүн өнүгүүсүнө кошкон салымы жыл сайын өсүүдө.


Борбор калаада көптөгөн улуттардын өкүлдөрү жашап эмгектенишет. Алар муундан муунга тынчтыктын, ынтымактын жана өз ара түшүнүшүүнүн бекем пайдубалын түптөгөн. Мына ушул мыкты салттарды сактоо жана татыктуу улантуу зарыл.


Сүйүктүү борбор калаабызга бакубатчылык, ал эми шаардыктардын ар бир үйүнө ырыскы кут, тынчтык жана гүлдөп өнүгүүнү каалайм!



Министр                                                                                Д. Дж.Амангелдиев

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу