Басма сөз билдирүү: Бишкекте креативдүү индустрия Фестивалы өтөт

Новости
28-Апрель 2023-ж.
831

Креативдүү тармактар ассоциациясы Кыргызстандагы БУУӨП менен биргеликте 2023-жылдын 29-апрелинде саат 10:00дө БААУда  өтө турган Креативдүү тармактардын Create4-2023 #ЖАРАТМАНТОЙ фестивалына чакырат.


Фестивалдын спикерлери Кыргызстандын жана башка өлкөлөрдүн искусство, музыка, IT, санариптик кесиптер жана башка креативдүү тармактардын ийгиликтүү өкүлдөрү. Фестивалдын алкагында тематикалык, пленардык жыйындар жана кичи жана чоң топтордо талкуулар, кол өнөрчүлөрдүн, жергиликтүү өндүрүшчүлөрдүн жарманкелери, мастер-класстар жана презентациялар өткөрүлүүдө.


Бул жылы фестиваль #ЖаратманТой деген ураан астында 29-апрелге белгиленген жана ага чыгармачылык кесиптин жүздөгөн ийгиликтүү өкүлдөрү чогулуп, өз тажрыйбалары тууралуу айтып беришет. Create4 - 2023 #Жаратмантой программасы идеядан ишке ашырууга чейинки креативдин бардык деңгээлин даңазалоо менен фестиваль “ШЫКТАН”, “ОЙГОН”, “ТАЙ-ТАЙ”, “ЖАРАТ”, “ЖЫРГА” жана “ШАМ-ШУМ” 6 концептуалдык багытка бөлүнгөн.


Бул фестивалдан ар бир адам өзүнүн “устуканын” төмөнкү багыттар боюнча жөндөмдөр жана маалымат катары алып кетет:

панелдик сессиялар;

жогорку деңгээлдеги адистер менен байланыш;

мыкты мектептерден жана университеттерден билим берүү программалары жана курстары;

ири компаниялардын бош орундары;

угуу жана идеяларды жайылтуу;

мастер-класстар


Эң негизгиси - пикирлеш адамдар менен бирге майрамдык жана креативдүүлүк атмосферасына кошулуп көрүү мүмкүнчүлүгү.

Фестивалдын расмий өнөктөштөрү Борбордук Азиядагы Америка университети (БААУ) жана Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Бишкектеги Программалык кеңсеси болуп саналат.


Фестивалдын расмий сайты: https://create4.co/


ММКтарды аккредитациялоо үчүн катышууңузду, ошондой эле өкүлдөрдүн аты-жөнүн 2023-жылдын 28-апрелинде aiperi.alymbekova@undp.org электрондук почтасы же WhatsApp +996 778 11 99 91 номери аркылуу тастыктооңузду суранабыз.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу