КР Экономика жана коммерция министрлигинде Италиянын бизнес делегациясы менен жолугушуу болду

Новости
27-Апрель 2023-ж.
837

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министринин орун басары Айнура Үсөнбекова Италиянын Беневенто шаарындагы Кыргыз Республикасынын жаңыдан дайындалган Ардактуу консулу Антонио Кастиелло баштаган италиялык бизнес-делегациянын өкүлдөрү менен жолугушту.


Бул делегацияны Кыргыз Республикасынын Италиядагы элчиси Таалай Базарбаев коштоп жүрдү. Жолугушууга ошондой эле төмөнкүдөй иш алып барган италиялык компаниялардын өкүлдөрү катышты, мисалы:

- Matter Economy srl, "жашыл курулуш" жана Кыргыз Республикасында "BIM" прогрессивдүү технологиялык моделдерин киргизүү чөйрөсүндө - имараттарды/курулуштарды долбоорлоо, куруу жана башкаруу процессин көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берүүчү курулуш маалыматтык моделдөөгө  адистешкен;

- Airmec компаниясы - абаны тазалоо үчүн технологиялык системаларды өндүрүү, ошондой эле жылуулук электр станциялары жана кичи ГЭСтер аркылуу кайра жаралуучу булактардан энергия өндүрөт;

- "Trivellazioni Italia Srl" компаниясы - жолдорду, көпүрөлөрдү куруу, карьерлерди казуу, артезиан скважиналарын бургулайт;

- «Италияда жасалган» брендин дүйнөгө жайылтуу үчүн Кампания аймагындагы италиялык бренддик кийим өндүрүүчүлөр менен кызматташып жаткан модельер А.Ламбиазе. Ал аймактык текстиль комбинатынын ээси болуп саналат.


Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар энергиянын кайра жаралуучу булактары, калдыктарды кайра иштетүү жана биогаз өндүрүү тармагындагы долбоорлорду, инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу, ошондой эле инновациялык ыкмаларды, технологияларды жана материалдарды киргизүү максатында адистерди окутууну уюштуруу боюнча эки тараптуу кызматташуу, ошондой эле италиялык өндүрүштү Кыргыз Республикасында жайгаштырууга мүмкүн маселелерин талкуулашты.  


Министрдин орун басары А.Үсөнбекова Кыргыз Республикасынын мындай масштабдуу долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экенин жана жогоруда аталган багыттар боюнча Италия менен эки тараптуу кызматташууну өнүктүрүү үчүн олуттуу потенциалды белгиледи.


Ал бизнес-чөйрөнү, инвестициялык чөйрөнү жакшыртуу боюнча салыктык жеңилдиктер жана преференциялар, Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттары жаатында кыргыз тарап тарабынан өбөлгө түзүлүп жаткан реформалар тууралуу маалымат берди. Ал ошондой эле италиялык тарап Кыргыз Республикасынын аймагындагы долбоорлорду ишке ашырууга жигердүү кошулат деген ишенимин билдирди.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу