Кыргыз Республикасы менен Сауд өнүктүрүү фондунун ортосунда “Кыргыз Республикасындагы турак жайды каржылоо” долбоору боюнча макулдашууга кол коюлду

Новости
24-Апрель 2023-ж.
589

“Менин үйүм 2021-2026” программасын ишке ашыруунун алкагында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги көп кабаттуу социалдык турак жайларды курууга финансылык ресурстарды тартуу боюнча иштерди жүргүздү.


Бул иштердин алкагында 2023-жылдын 24-апрелинде Кыргыз Республикасы менен Сауд Өнүктүрүү Фондунун ортосунда “Кыргыз Республикасындагы турак жайды каржылоо” долбоору боюнча кредиттик макулдашууга кол коюлган.


Бул Макулдашууда «ГИК» ААКсы үчүн Кыргыз Республикасында турак жай куруу долбоорлорун каржылоо үчүн 100,0 млн АКШ долларына узак мөөнөттүү жана арзан финансылык ресурстар каралган.


Долбоордун аткаруучу агенттиги болуп Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги, ал эми ишке ашыра турган агенттиги “ГИК” ААКсы саналат.


«ГИК» ААК тартылган финансылык каражаттардын оператору болуп саналып, жер участокторун берет жана «Менин үйүм2021-2026"» мамлекеттик турак-жай программасынын алкагында Кыргызстандын жарандары кийинки сатып алуу менен ижарага берүү үчүн өлкөнүн бардык аймактарында арзан турак жайларды курууну каржылайт. 


Сауд өнүктүрүү фондунун каражаттары 3 миңден ашык үй-бүлөнү турак-жай менен камсыз кылууга багытталган.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу