Экономика жана коммерция министрлигинде ЖОЖдордун студенттери үчүн “Ачык эшиктер күнү” өткөрүлдү

Новости
26-Апрель 2023-ж.
735

2023-жылдын 26-апрелинде Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин аянтында өсүп келе жаткан муундун министрликтин ишинин артыкчылыктуу багыттары жөнүндө маалымдуулугун жогорулатуунун алкагында “Ачык эшиктер күнү” өткөрүлдү.


Иш-чарага Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети, М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университети, Б.Н. Ельцин атындагы Кыргыз-Орус Славян университети, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Ж.Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясы, Кыргызстан эл аралык университети, И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети, ЕККУнун Академиясынын профессордук-окутуучулук курамы, студенттери катышты. 


Студенттер менен болгон бул жолугушуу диалог форматында өтүп, анын жүрүшүндө персонал менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Мехрибон Хусаинова, макроэкономикалык саясат башкармалыгынын начальниги  Алмаз Абдекиров, салык саясаты башкармалыгынын начальниги Кубанычбек Ысабеков жана ЕАЭБдин координациялоо башкармалыгынын начальниги Нурсултан Мукаев катышып, студенттерге министрликтин жетишкендиктери, жүргүзүлүп жаткан реформалар, ишке ашырылып жаткан ири долбоорлор тууралуу айтып берип, ошондой эле студенттердин суроолоруна жооп кайтарышты.


Министрликтин кызматкерлери ошондой эле студенттердин көңүлүн маалыматтык технологиялардын тез өнүгүүсү бүгүнкү күндө жогорку квалификациялуу адистерди талап кылып жаткандыгына бурушту. Андыктан КР ЭКМде болочок кызматкерлеринен сапаттуу кесиптик билим талап кылынат.


Мындан тышкары, жолугушуу студенттер үчүн мотивациялык мүнөздө болду. Тактап айтканда, персонал менен иштөө бөлүмүнүн башчысы мамлекеттик кызматка кантип кирсе болорун, кадрдык резервге кирүү үчүн сынактан өтүүнүн тартиби кандай болорун айтып, бүтүрүүчүлөрдү өз күчүн, билимин сынап көрүүгө чакырды.


«Экономика боюнча билим, маалыматтык технологиялар боюнча көндүмдөрдү алыңыз жана биз менен иштөөгө келиңиз. Биз сиздерди күтөбүз жана катарыбызды жаш адистердин жаңы потенциалы менен толуктоого даярбыз», - деп ишендирди М.Хусаинова.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу