Борбордук Азия өлкөлөрүнүн сооданы жеңилдетүү боюнча улуттук комитеттеринин аймактык кеңешмеси жөнүндө

Новости
25-Апрель 2023-ж.
695

25-апрелден 26-апрелге чейин Өзбекстандын Ташкент шаарында Борбордук Азия өлкөлөрүнүн мамлекеттик жана жеке секторлорунун өкүлдөрүнүн, ошондой эле эл аралык эксперттердин катышуусунда сооданы жеңилдетүү боюнча улуттук комитеттердин тогузунчу аймактык жыйыны өтүүдө.


Жыйындын биринчи күнүндө Борбордук Азия өлкөлөрүнүн Улуттук комитеттеринин ортосундагы “Сооданы жеңилдетүү жаатында кызматташуу жөнүндө билдирүүгө” кол коюу аземи болду.


Кыргыз тараптан Билдирүүгө Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министринин орун басары Искендер Асылкулов кол койду, ал өзүнүн куттуктоо сөзүндө сооданы жеңилдетүү боюнча улуттук ыйгарым укуктуу органдардын Билдирүүгө кол коюусу улуттук комитеттердин ортосундагы мындан аркы өз ара аракетти чыцдоону, сооданы жеңилдетүү үчүн жакшы мүмкүнчүлүк түзөрүн белгиледи. 


Мындан тышкары, катышуучулар эл аралык эксперттердин жана ДСУнун адистеринин сооданы жеңилдетүү жаатындагы тенденциялары жана жетишкендиктери, ошондой эле соода процедураларын санариптештирүү жана маалыматка жетүүнү жакшыртуу боюнча демилгелер менен тааныштырылды.


Экинчи күнү “Борбор Азияда сооданы жеңилдетүү боюнча чараларды ишке ашыруудагы артыкчылыктар жана перспективалар” сессиясы, улуттук комитеттердин аймактык кызматташуусунун мындан аркы пландарын жана темаларын талкуулоо жана өткөрүү пунктунда соода процедураларын жеңилдетүү боюнча инновациялык чаралар менен таанышуу максатында “Яллама” бажы постуна баруу  пландаштырылган.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу