Экономика жана коммерция министрлигинде Германиянын бизнес делегациясы менен соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташуу боюнча жолугушуу болуп өттү

Новости
25-Апрель 2023-ж.
707

2023-жылдын 25-апрелинде министрдин орун басары Айнура Үсөнбекова Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин имаратында Германиянын Элчи Габриела Геллил баштаган бизнес делегациясынын өкүлдөрү менен жолугушту. Жыйынга КР Соода-өнөр жай палатасынын өкүлдөрү да катышты.


Ушул күндөрү Кыргыз Республикасында Германиянын бизнес миссиясы иш сапар менен жүрөт, ал төмөндөгү чөйрөдөгү компаниялар тарабынан кеңири сунушталат:

– заманбап саан жабдууларын өндүрүү; уй куруу долбоорлорун иштеп чыгуу;

– таңгактоочу жабдууларды өндүрүү;

– жашылча-жемиштерди өстүрүүдөгү инновациялар;

– жашылча-жемиштерди кайра иштетүү үчүн жабдууларды өндүрүү;

– узак мөөнөттүү сактоо кампаларын, логистикалык борборлорду куруу;

¬Энергияны үнөмдөөчү насостук жабдууларды чыгаруу.


Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташуунун маселелерин талкуулашты, болгон потенциалды белгилешти, ошондой эле тараптар соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган биргелешкен күч-аракеттерди жумшаарына ишеним билдиришти.


Министрдин орун басары А.Үсөнбекова Кыргыз Республикасы Германия менен кызматташуунун бардык багыттары боюнча кызматташууну өнүктүрүү үчүн олуттуу потенциалга ээ экендигин айтып, анын ичинде бизнес-чөйрөнү жакшыртууда кыргыз тарап көрсөткөн реформалар, инвестициялык чөйрөнү жакшыртуу боюнча салыктык стимулдар жана преференциялар, Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарын белгиледи. Ал Германия тарап Кыргыз Республикасынын аймагындагы долбоорлорду ишке ашырууга жигердүү кошулат деген ишенимин билдирди.


КР Соода-өнөр жай палатасынын маалыматы боюнча, германиялык бизнес миссиясынын өкүлдөрү менен кыргыз бизнесинин ортосунда B2B форматындагы жолугушуулар уюштурулат. Ушул жылдын 26-апрелинде Германиянын делегациясы Ошко барат, анда да бардык деңгээлдеги жолугушуулар өткөрүлөт.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу