Ош шаарында Ишкерлерди тейлөө борбору ачылды

Новости
20-Апрель 2023-ж.
2694

2023-жылдын 17-апрелинде Ош шаарында ишкердик субъекттерин колдоо максатында Ишкерлерди тейлөө борборунун ачылышы болуп өттү. Ачылыш аземге жергиликтүү бийлик органдарынын, мамлекеттик органдардын жана уюмдардын аймактык бөлүмдөрүнүн өкүлдөрү катышты.

Ишкерлерди тейлөө борборунун негизги максаты мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан көрсөтүлүүчү мамлекеттик жана башка кызматтарды алууда, салыктык тескөө жол-жоболорун жөнөкөйлөштүрүү, лицензиялоо жана лицензия берүү жагында ишкерлерге (жеке жана юридикалык жактарга) сапаттуу жана уруксат берүүчү документтерди, үйрөнүү аркылуу ишкерлердин компетенцияларын жана көндүмдөрүн өнүктүрүүгө өз убагында кызмат көрсөтүү болуп саналат.

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу «Тышкы соода чөйрөсүндөгү бирдиктүү терезе борбору» мамлекеттик ишканасы, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин буйругуна ылайык ИТБ ишмердигине катышкан уюм. 2021-жылдын 1-июлундагы «Бирдиктүү терезе» маалыматтык системасы аркылуу тышкы экономикалык ишти жүзөгө ашырууга уруксат берүүчү документтерди жана башка документтерди алууга арыздарды кабыл алуу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү  Ош шаарындагы ИТБда жүргүзөт.

ИТБ Ош шаары, А.Масалиев пр., 75 дареги боюнча жайгашкан.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу