Экономика жана коммерция министрлигинде атайын жогорку окуу жайларынын өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү

Новости
18-Апрель 2023-ж.
972

2023-жылдын 18-апрелинде Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинде атайын жогорку окуу жайлардын өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү.

Бул жолугушууга персонал менен иштөө бөлүмүнүн кызматкерлери жана Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин, М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университети, Б.Н. Ельцин атындагы Кыргыз-Орус Славян университети, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Ж.Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясы, И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети, Кыргызстан Эл аралык университети, ЕККУ Академиясынын өкүлдөрү катышты.

Жолугушуунун алкагында ЭКМ менен ЖОЖдор ортосундагы меморандумдарга кол коюуну даярдоо маселелери талкууланды. Тактап айтканда, жогоруда аталган ЖОЖдордун студенттеринин практикадан өтүү маселелери каралды.

Күтүлгөндөй эле Экономика жана коммерция министрлиги министрликтин ишмердүүлүгүнө кызыккан өнөктөш ЖОЖдордун аспиранттары үчүн ачык эшиктер күнүн өткөрөт.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу