"Кытай - Борбордук Азия" экономика жана соода министрлеринин биринчи жолугушуусу видеоконференция режиминде өттү

Новости
18-Апрель 2023-ж.
1186

2023-жылдын 18-апрелинде Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев, КЭР коммерция министри Ван Вэнтао, Казакстан Республикасынын Премьер-министринин орун басары – соода жана интеграция министри Серик Жумангарин, Тажикстан Республикасынын Экономикалык өнүгүү жана соода министри Завка Завкизода, Түркмөнстандын соода жана тышкы экономикалык байланыштар министри Бегенч Гочмоллаев жана Өзбекстан Республикасынын инвестициялары, өнөр жай жана соодасы Лазиз Кудратов катышкан видеоконференция режиминде “Кытай – Борбордук Азия” экономика жана соода министрлеринин биринчи жыйыны болуп өттү.

“Кытай-Борбор Азия” экономика жана соода министрлеринин жолугушуусу кытай тараптын демилгеси менен уюштурулду жана соода-экономикалык кызматташтыктын жыйынтыктарын системалуу түрдө жалпылоо, өнүгүү жолдорун пландаштыруу жана алты өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүнө көмөк көрсөтүү максатында туруктуу негизде өткөрүлөт. Экономика жана соода министрлеринин “Кытай – Борбордук Азия” жолугушуусунун жыйынтыгында тараптар соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн негизги жолдорун белгилешти жана “Кытай-Борбор Азия” форматындагы соода-экономикалык кызматташтыкты чыңдоо боюнча документтердин долбоорлорун жактырышты. 2023-жылдын май айында Кытайдын Сиань шаарында 6 өлкөнүн мамлекет башчыларынын катышуусунда “КЭР-БА” биринчи саммитинин алкагында кол коюу пландалууда.

Тараптар «Кытай жана Борбордук Азия» форматында мындан аркы кызматташууга даяр экендиктерин билдиришти.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу