2015-жылдын 1-жарым жылдыгы үчүн министрликтин документ жүгүртүүсү буга чейинки мезгилге салыштырмалуу 6853 бирдикке өстү

Новости
26-Июль 2015-ж.
2101
""""Статс-катчы Айдай Курманованын Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин 2015-жылдын 1-жарым жылдыгы үчүн структуралык бөлүмдөрүнүн аткаруучулук тартибинин абалы, ченемдик-укуктук актыларды жана жогорку органдардын тапшырмаларын, жарандардын кайрылууларын, өз чечимдерин аткаруу жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Регламентин сактоо абалы тууралуу” отчётун угуп, Коллегия министрликтин ишин канааттандырарлык деп белгиледи.

А. Курманова белгилегендей, коллегиянын аппараттык жыйындарында, квартал аралык отурумдарында, жогорку органдардын тапшырмалары жана токтомдорунун аткарылуусу боюнча иштерди уюштурууга байланышкан маселелердин бардык комплекси талдоого алынып, документтерди даярдоону сапаттуу жана өз убагында аткарууну жакшыртуу боюнча сунуштар иштелип чыгууда.

2015-жылдын 1-жарым жылдыгында министрликтин документ жүгүртүүсү 30339 бирдикти түзүп, буга чейинки мезгилге салыштырмалуу 6853 бирдикке өстү. Негизинен документ жүгүртүүнүн өсүүсүнө Кыргыз Республикасынын ЕАЭБге кирүүсү боюнча мамлекеттик органдардын ишин координациялоо, ТӨУСту ишке ашыруу, ченемдик-укуктук актыларды макулдашуу жана чакыруу сыяктуу кошумча милдеттердин таасири болду.

Учурда 2814 контролдук тапшырманын ичинен өз мөөнөтүндө 2334 же 83% пайыз документ аткарылды. Мөөнөтүнөн мурда 885 же 32% документ аткарылып, жогорку органдардан 1-3 күндүк мөөнөттө аткарылууга келген тапшырмалардын саны 612.

Ошондой эле, министрлик тарабынан 541 жарандардын кайрылууларын жана адамдарды кабыл алып, анын ичинен 254 жарандардын арызы кабыл алынды, аткарууга 247 документ коюлуп, мөөнөтүн бузуу менен 4 документ аткарылып, 15 жарандын кайрылууларынын мөөнөтү келе элек. Кабыл алынган жарандардын ичинен министрликтин жетекчилигине коомдук кабылдама аркылуу 77си кабыл алынып, 210- структуралык бөлүмдөр жана министрликке ведомстволук органдар аркылуу кабыл алынды, электрондук почта боюнча жарандардын 9 кайрылуусу кабыл алынды.

260 ченемдик укуктук акты демилгеленип, анын ичинен 76 мыйзам долбоорунан 28 долбоор кабыл алынды, 156 токтом долбоорунун ичинен-72си кабыл алынды, 28-буйрук долбоорунун ичинен 13 кабыл алынды, учурда Өкмөттүн Аппаратында 49 ченемдик укуктук актынын долбоору, жана мамлекеттик органдарда 44 турат.

Министрликтин жетекчилигинин тапшырмалары жана жеке чечимдеринен 342 чечим кабыл алынып мөөнөтүндө аткарылды. Коллегиянын токтомдорунун чечимдеринен 13 чечимдин ичинен 4 чечим өз мөөнөтүндө аткарылып, 9нун мөөнөтү келе элек. Министрликтин жалпы ишмердүүлүгү боюнча чыгарылган 71 буйруктан 11.1 контролго коюлуп, контролдук буйрук өз мөөнөтүндө аткарылды. 10 буйруктун аткаруу мөөнөтү келе элек . Аппараттык кеңешменин 258 тапшырманын ичинен 237 өз мөөнөтүндө аткарылып, 18 мөөнөтү келе элек.

2015-жылдын 23-июлундагы министрликтин Коллегиясынын жыйыны Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Валерий Дильдин, өлкөнүн министрликтеринин жана ведомстволорунун өкүлдөрүнүн катышуусу менен өттү.
Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу