Басма сөз билдирүү Экономика жана коммерция министрлигинде электрондук коммерцияны өнүктүрүү боюнча тегерек стол өтөт

Новости
17-Апрель 2023-ж.
1028

2023-жылдын 19-апрелинде саат 11:00дө Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин имаратында электрондук коммерцияны өнүктүрүү боюнча тегерек стол өтөт.

Иш-чаранын негизги максаты - электрондук коммерция секторунун келечегин жана 2022-жылдын 16-декабрындагы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында электрондук сооданы колдоо жана өнүктүрүү программасын мындан ары ишке ашыруу боюнча маселелерди талкуулоо.

Программанын артыкчылыктарын ишке ашыруу үчүн төмөнкү милдеттерди чечүү зарыл:

-электрондук коммерция чөйрөсүндөгү мыйзамдарды оптималдаштыруу;

- мыйзамдарды ЕАЭБ талаптарына шайкеш келтирүүнү талап кылган пункттук мүнөздөгү көйгөйлөрдү четтетүү;

- электрондук коммерциянын катышуучулары үчүн тоскоолдуктарды минималдаштыруу;

-электрондук коммерция паркын түзүү;

- чек ара аймактарында жайгашкан товарлар үчүн бажы кампаларын түзүү;

- мамлекеттик органдар менен тышкы экономикалык иштин катышуучуларынын ортосунда “Бирдиктүү терезе” принцибинин негизинде электрондук өз ара аракеттенүү үчүн шарттарды түзүү;

-интернет платформасын түзүү;

- санариптик ишкердикти өнүктүрүү жана колдоо боюнча региондук борборлорду түзүү;

электрондук коммерция тармагында бизнес-ассоциацияларды колдоо жана чыңдоо.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу