Текстиль жана тигүү өндүрүшү боюнча «Технополис» өнөр жай аймагынын өнөр жай объектилеринин курулушун баштоо үчүн капсула салынды

Новости
14-Апрель 2023-ж.
982

Чүй облусундагы Сокулук районунун Военно-Антоновка айылындагы “Технополис” өнөр жай зонасынында текстиль жана тигүү өндүрүштү уюштуруу жана өнөр жай объекттердин долбоорлорун курууну баштоо үчүн капсуланы салуу салтанаттуу аземи болуп өттү. Ал Кыргыз Республикасынын “Легпром” жеңил өнөр жай ишканаларынын ассоциациясы тарабынан ишке ашырылат.

Бул иш-чарага Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министринин орун басары Ч.Д. Макешов, “Кыргызиндустрия” ААКнын өкүлдөрү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, Военно-Антоновка айылдык кеңешинин төрагасы жана депутаттары, Военно-Антоновка айыл өкмөтүнүн башчысы катышышты.

Технополистин аймагында 11 тигүү өндүрүштүк объект уюштурулат, ошондой эле “Технополис” долбоорунун катышуучулары тарабынан текстиль өндүрүшүн жана ага байланыштуу товарларды уюштуруу боюнча маселе иштелип чыгууда.

“Технополис” долбоорун ишке ашыруусу өнөр жай өндүрүшүн диверсификациялоону болжолдойт, өндүрүштө эл аралык стандарттарды киргизүү, дүйнөлүк бренддердин заказдарын алуу, кайра иштетилүүчү чийки заттардын көлөмдөрүн эсепке алуунун ачыктыгын камсыздоо жана ири заказдарды чыгарууга мүмкүндүк берүүчү өндүрүштүк кубаттуулуктарды концентрациялоо мүмкүнчүлүгү пайда болот.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу