Кыргызстан менен Венгриянын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтык жаңы практикалык деңгээлге чыгат

Новости
14-Апрель 2023-ж.
1016

2023-жылдын 14-апрелинде Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев венгриялык ири Matushz Vad Zrt компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушту.

 Кыргызстанга “Матус – Вад Зрт” компаниясынын шериктеш ээси жана директору Патрик Матус жетектеген делегация “ТОРО” ЖЧКсы менен келишимди ишке ашыруу, ошондой эле Кыргыз Республикасынан.жеткирүүлөрдү көбөйтүү жана продукциянын ассортиментин диверсификациялоо маселесин талкуулоо үчүн келди. 

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүү маселелерин талкуулашты. Тактап айтканда, венгриялык тарап Кыргызстандан адал эт жана балык азыктарын алып кетүүгө кызыкдар экенин билдирди.

Тараптар Кыргызстандын ар бир облусунун инвестициялык потенциалын карап чыгышты. Компания өкүлдөрүнө Кыргызстандын экологиялык продукциясына көңүл буруу сунушталды.

Мындан тышкары, Тараптар продукцияны тоңдуруунун жана сактоонун шарттарына, Кыргызстандан Венгрияга жөнөтө турган логистикага байланыштуу маселелерди талкуулашты. Тактап айтканда, реэкспортко азык-түлүктөрдү сатуу боюнча жаңы соода логистикалык борборлорду, бул азыктарды ташуу менен байланышкан өндүрүш үчүн тоңдурулган муздаткыч цехтерин ачууну сүйлөшүштү.

Ошондой эле, 15-апрелде бизнес-делегациянын бир нече ишканаларга, анын ичинде «ТОРО» ЖЧКсынын мал союучу жайына баруусу пландалууда.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу