Кытай тараптын «Чүй каналын айланып өтүүчү (АЧК-2) куруу» долбоорун 2023-жылы ишке ашырууну баштоо ниети жөнүндө

Новости
14-Апрель 2023-ж.
1481

КР Экономика жана коммерция министрлигинин аянтында КР ЭКМ башчысынын орун басары Канат Абдрахманов менен  Кытай Эл Республикасынын Элчилигинин соода-экономикалык маселелер боюнча кеңешчиси Ли Юе менен жолугушуусу болуп өттү. 

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар эки тараптуу техникалык-экономикалык жардам долбоорлорун ишке ашыруунун актуалдуу маселелерин, атап айтканда, ирригация, транспорт инфраструктурасын куруу, медициналык жабдууларды жеткирүү ж.б. талкуулашты.

Тараптар бул долбоорлорду алдыга жылдыруу боюнча жигердүү иштерди улантууну макулдашышты.

Кеңешчи Кытай тарап кароого берилген долбоорлорду үч этапка бөлгөндүгүн билдирди. Белгилей кетсек, «Айланма Чүй каналын куруу (АЧК-2)», «Заманбап медициналык жабдуулар менен камсыздоо жана орнотуу», ошондой эле «Бишкек шаарынын жол тармагын өнүктүрүү (3-фаза)» долбоорлору биринчи кезектеги ишке ашырыла турган этапка кирген.

Министрдин орун басары «Айланма Чүй каналын (АЧК-2) куруу» долбоорунун жогорку маанисин белгиледи, аны ишке ашыруу Чүй өрөөнүндөгү сугат суусунун жетишсиздиги менен суунун коромжусун жылына 400 млн.м3 чейин кыскартат жана жерди суу менен камсыз кылууну жогорулатат.

Ли Юе Кытай тарап «Айланма Чүй каналын (АЧК-2) куруу» долбооруна өзгөчө көңүл буруп, бул долбоорду ишке ашырууну тездетүү үчүн күч-аракет жумшай турганын айтты. Ошондой эле, кеңешчи кытай тараптын 2023-жылы «Айланма Чүй каналын куруу (АЧК-2)» долбоорун ишке ашырууну баштоо ниетин билдирди.

Кошумчалай кетсек, Кытай тараптын айтымында, жакынкы аралыкта Кыргыз Республикасы үчүн мобилдик оорукананын эки комплектиси алынып келиниши күтүлүүдө.

Өз кезегинде министрдин орун басары жогоруда аталган долбоорлорду ишке ашырууга, анын ичинде өрт-куткаруу техникасын жеткирүү долбоорун ишке ашырууга көмөк көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди.

Ошону менен бирге кеңешчи эки тараптуу маанилүү иш-чараларды даярдоодо кызматташуу жана ыкчам жардам көрсөткөндүгү үчүн Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине ыраазычылык билдирди.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу