Басма сөз билдирүү: Инновациялык саясатты колдоо программасынын аякташы жана Креативдүү индустриялар паркын ишке киргизүү жөнүндө

Новости
11-Апрель 2023-ж.
1047

2023-жылдын 12-апрелинде саат 9:30да Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин Чоң залында Улуу Британиянын Өкмөтү тарабынан каржыланган Инновациялык саясат программасы (мындан ары - Программа) жана Креативдүү индустриялар ассоциациясы менен биргеликте Улуу Британиянын жардамы менен, 4 жылдык Программанын аякташына жана Креативдүү өнөр жай паркынын ачылышына арналган иш-чара өткөрүлөт.

Иш-чаранын алкагында жеке секторду өнүктүрүүнү колдоо, ашыкча жана натыйжасыз административдик жөнгө салууларды жоюу боюнча ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу чөйрөсүндө ишкердик ишмердүүлүгүн жана экономикалык өсүштү стимулдаштыруу, Программанын Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары менен кызматташуусунун жыйынтыгын чыгаруу, ошондой эле Креативдүү индустриялар паркын ишке киргизүү жана аны калыптандыруу жана өнүктүрүү боюнча мындан аркы кадамдар боюнча панелдик талкууларды өткөрүү пландаштырылууда.

Инновациялык саясатты колдоо программасы – Улуу Британиянын Өкмөтүнүн Улуу Британиянын жардамы менен каржыланган жана DAI Global UK Ltd. тарабынан ишке ашырылуучу төрт жылдык долбоор, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө мамлекеттик саясатты жана реформаларды ишке ашыруу боюнча стратегиялык милдеттерди чечүүдө техникалык жардам көрсөтүү, экономиканы өнүктүрүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын инвестициялык жагымдуулугун жогорулатуу болуп саналат.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу