Бишкек шаарында OZON ири маркетплейстеринин биринин презентациясын өткөрүү жөнүндө

Новости
06-Апрель 2023-ж.
925

Россия Федерациясынын Ozon ири маркетплейстеринин бири 2023-жылы 14-апрелинде Бишкек шаарында саат 10:30да практикалык конференция-презентациясы өткөрүлөт.


Презентациянын алкагында Кыргыз Республикасынын ишкерлерине республикада маркетплейсти өнүктүрүү боюнча алдыдагы иш-чаралар жөнүндө, ошондой эле соода аянтчасына өзүнүн товары жана мүмкүн болуучу кызматташуунун башка формалары менен чыгуу жөнүндө айтылат.


Иш-чара Кыргыз Республикасында электрондук коммерцияны өнүктүрүү маселелери боюнча дискуссияны, республиканын аймагында компаниянын стратегиялык өнүгүүсүнүн презентациясын, ошондой эле ишкердик коомчулукка Ozon” менен кызматташуунун келечеги жөнүндө маалымдоону карайт.


Аталган маркетплейс менен бирдикте заказдарды берүү пункттарын ачууну  ошондой эле өз продукцияларын сатууга пландаган, Кыргыз Республикасынын бардык кызыкдар ишкерлер катышууга чакырылат.


Өткөрүү дареги: Novotel, Бишкек ш., Манас проспекти, 16.


Катышуу акысыз. Иш-чарага каттоо: https://internet-platforma--event.timepad.ru/event/2368941/ 




Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу