КР ЭКМ жана Корея Эл аралык Кызматташтык Агенттигинин (KOICA) контр-өнөктөштөрү өнүктүрүүгө расмий жардам көрсөтүү жаатында кызматташууну талкуулоо үчүн жолугушуу өткөрүштү

Новости
05-Апрель 2023-ж.
1668

2023-жылдын 5-апрелинде Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министринин орун басары Канат Абдрахманов жана KOICA директору Ли Джонгсу Кыргыз Республикасында ишке ашырылып жаткан жана пландаштырылган долбоорлорду талкуулоо үчүн жолугушту.

Жыйындын жүрүшүндө мамлекеттик башкарууну санариптештирүү жана дата-борборлорду куруу, электр транспортун өнүктүрүү, айыл чарба, аймактарды өнүктүрүү долбоорлорун ишке ашыруунун деталдары, адам ресурстарын өнүктүрүү программалары жана волонтердук программа менен катар талкууланды.

Ли Джонгсу мырза климат жана жашыл экономика маселелери да учурда Корея тарап үчүн кызматташуунун артыкчылыктуу багыттары экенин баса белгиледи.

Ошондой эле Жогорку Кеңешти санариптештирүү, электр энергиясын жана айыл чарбасын коммерциялык эсепке алуунун автоматташтырылган системасы боюнча ишке аша турган 2023-24-жылдарга пландаштырылган долбоорлорго да токтолушту

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар долбоорлорду ийгиликтүү ишке ашырууга үмүт артып, кызматташууну бекемдөөгө даяр экендиктерин билдиришти.

Онлайн кайрылуу