Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүү системасын оптималдаштыруу боюнча ведомстволор аралык комиссиянын кезектеги жыйыны жөнүндө

Новости
05-Апрель 2023-ж.
1172

2023-жылдын 5-апрелинде Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинде Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүү системасын оптималдаштыруу боюнча Ведомстволор аралык комиссиянын 61-жыйыны болуп өттү. Комиссиянын жыйынын КР Президентинин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин экспертизалоо бөлүмүнүн башчысы Жетиген Бакиров жана министрдин биринчи орун басары Чоро Сейитов алып барды.

Жыйындын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан сунушталган жаңы мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү Бирдиктүү реестрге лабораториялык изилдөөлөрдү жүргүзүү бөлүгүндө киргизүү, ошондой эле  КР Саламаттык сактоо министрлиги жана КР Экономика жана коммерция министрлиги тарабынан көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө маселелер каралды жана жактырылды. Комиссия ошондой эле 2022-жылга карата калкка мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүүнүн жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жогорулатуу боюнча аткарылган иштер боюнча министрдин биринчи орун басары Ч.Сейитов, Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү министринин орун басары Жазгүл Кийизбаева жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары Мурат Байдылдаевдин отчетторун карады.

Ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрү мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндө санариптик технологиялардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу боюнча иштерди тездетүү зарылчылыгы боюнча баалуу сунуштарды беришти.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу