Бирдиктүү терезе маалымат системасы аркылуу товарларды экспорттоого жана импорттоого уруксат берүү маселелери жөнүндө

Новости
05-Апрель 2023-ж.
1154

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин аянтында министрдин орун басары Назар Малаевдин төрагалыгы алдында Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын,  Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерциялык министрлигине (ЭКМ) караштуу "Тышкы сооданын бирдиктүү терезе борбору" ишканасы жана чарба жүргүзүүчү субъекттер (лицензиаттар) өкүлдөрүнүн катышуусунда бирдиктүү терезе маалымат системасы аркылуу товарларды экспорттоого жана импорттоого уруксат берүү боюнча жыйын өттү.

Учурда, жыйындын жүрүшүндө белгиленгендей, КР ЭКМдин «Бирдиктүү терезе» маалыматтык системасы (товарларды тактоо жана лицензиялоо сектору) аркылуу арыздарды толук кабыл алууга жана иштеп чыгууга өтүү максатында бул система аркылуу тышкы экономикалык ишмердүүлүк үчүн15-февралдан тарта уруксат берүүчү документтерди берүү башталды.

Ушуга байланыштуу бул жыйында аталган СВИСтин иштөөсү жана оптималдаштыруусу жана бул система аркылуу тиешелүү мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсү боюнча маселелер талкууланды.

Отурумдун жыйынтыгында КР ЭКМдин чарбакер субъектилери жана эксперттери тарабынан бирдиктүү терезенин маалыматтык системасын өркүндөтүү боюнча сунуштар жана сын-пикирлер кабыл алынып, бул системаны оптималдаштыруу үчүн Кыргыз Республикасынын ЭКМ алдындагы «Тышкы соода чөйрөсүндөгү «Бирдиктүү терезе борбору» мамлекеттик ишканасына жөнөтүлдү. 


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу