2015-жылдын январь-июнунун жыйынтыгынын негизги натыйжасы экономикалык өсүштүн оң тенденцияларын сактоо болду

Новости
26-Июль 2015-ж.
2164
""""2015-жылдын 23-июлунда КР Экономика министрлигинде өлкөнүн вице-премьер-министри Валерий Дильдин катышуусу менен экономика министри Олег Панкратовдун жетекчилиги алдында министрликтердин жана ведомстволордун өкүлдөрүнүн катышуусу менен Коллегиянын жыйыны болуп өттү. «2015-жылдын январь-июнунда КР социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жөнүндө» маалыматты угулуп жана талкууланып, маалыматка алынды.

Министрдин орун басары Данияр Иманалиев белгилеп кеткендей, 2015-жылдын биринчи жарым жылдыгында КР социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары ИДПны түзүүчү экономиканын ар түрдүү тармактарынын өнүгүү тенденциясын мүнөздөйт, өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө таасирин тийгизген тышкы жана ички факторлорду ачат. бул мезгил үчүн жыйынтыктардын негизги натыйжасы экономикалык өсүштүн оң тенденциясын сактоо болду.

Улуттук статистика комитетинин алдын ала баалоосу боюнча 2015-жылдын январь-июнунун жыйынтыгы боюнча өлкөдөгү экономикалык өсүш 107,3%ды. ички дүң продукттун (ИДП) көлөмү 172,4млрд. сом суммасында түзүлдү. «Кум-Төр» кенин иштетүү боюнча ишканаларды эске албаганда ИДП реалдуу өсүш темпи 104,4% түздү, 2014-жылы ушундай көрсөткүч 103,5%ды түзгөн.

Экономикалык өсүш экономиканын бардык секторлору менен камсыздалды, өнөр жайда өсүш темпи 124,1%ды, айыл чарбасында-102,4%ды, курулушта- 111,2%ды, кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө- 102,8%ды түздү.
Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу