Кыргызстан менен Азербайжандын ортосунда кош салык салууну болтурбоо боюнча келишим түзүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат

Новости
05-Апрель 2023-ж.
1777

2023-жылдын 4-апрелинен тартып Баку шаарында (Азербайжан Республикасы) Кыргыз Республикасы менен  Азербайжан  Республикасынын ортосундагы кирешеге салыктарга карата кош салык салууну болтурбоо жана салык төлөөдөн качууну болтурбоо жөнүндө макулдашууну түзүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Бул сүйлөшүүлөргө кыргыз тараптан Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын өкүлдөрү катышууда.

Маалымат иретинде:

Учурда жакынкы жана алыскы чет мамлекеттер менен ар бир мамлекетке кирешенин жана капиталдын айрым түрлөрүнө салык салуу укугун берүү аркылуу өнөктөш өлкөлөрдүн ортосундагы салык мамилелерин жөнгө салууга багытталган эки тараптуу макулдашууларды түзүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

Өлкөлөр ортосундагы мындай мамилелердин негизги максаты ар кайсы өлкөлөрдө бирдей салыктар менен чарба жүргүзүүчү субъекттердин кирешелерине кош салык салууну жоюу болуп саналат.

Белгилей кетсек, кош салык салуу келишимдери да республиканын экономикасына түз чет өлкөлүк инвестицияларды тартуунун каражаты катары каралат.

Мындан тышкары, Макулдашуунун негизги максаттары бир мамлекеттин резидентин башка Келишим түзүүчү мамлекетте басмырлоочу салык салуудан коргоо, салык төлөөдөн качууга же Макулдашуунун жоболорун кыянаттык менен пайдаланууга жол бербөө жана Келишим түзүүчү мамлекеттердин компетенттүү органдарынын ортосунда маалымат алмашуу болуп саналат. 

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу