Жолугушууда онлайн платформа менен Кыргызстандагы чакан бизнестин кызматташуу тажрыйбасы талкууланды

Новости
03-Апрель 2023-ж.
892

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинде экспортко багытталган ишканалардын өкүлдөрү жана соода тармагындагы ишкерлердин КМШ өлкөлөрүндөгү логистикалык долбоорлорунун жетекчиси Максим Губанов менен жолугушуусу болуп өттү.


Жолугушууда онлайн платформа менен Кыргызстандагы чакан бизнестин кызматташуу тажрыйбасы талкууланды. Барган сайын жергиликтүү ишкерлер Wildberries аркылуу өз бизнесин ачып, товарларын башка өлкөлөргө сатышат. Кыргызстандан алты миңден ашык сатуучу буга чейин платформага катталган. Жергиликтүү товарлар платформада суроо-талапка ээ: 2022-жылы сатуулар 2021-жылга салыштырмалуу 361% га өскөн жана 10,7 миллиард рублга чейин өскөн.


Учурда үстүбүздөгү жылдын март айынан баштап. Бишкекте жалпы аянты 1500 чарчы метр жаңы кампа ишке кирди, ал “Wildberries кампасынан” сатуу модели боюнча заказдарды кабыл алат.


Жолугушуунун жыйынтыгында, өлкө аймагында кызматташууну кеңейтүү мүмкүнчүлүгү жана перспективалары талкууланды: жаңы логистикалык объектилерди куруу, анын ичинде аймактарда, ошондой эле жаңы заказдарды кабыл алуу – пункттарын ачуу, алар жергиликтүү бизнести өнүктүрүүгө жана компания иштеп жаткан бардык өлкөлөргө кирүүгө, ал эми өлкөнүн тургундарына платформанын бардык кеңири спектрин колдонууга мүмкүнчүлүк берет.


Кампанын дареги: Бишкек ш., Абакан көч., 121.


Wildberries – бул рынокто 18 жылдан бери иштеп келе жаткан ири эл аралык онлайн платформасы. Компаниянын катышуусунун географиясы Россиянын бардык аймактарын, ошондой эле бир катар чет мамлекеттерди камтыйт, анын ичинде Беларусь, Казакстан, Армения, Кыргызстан ж.б. Wildberries дин жүгүртүүсү 2022-жылы 98% га өсүп, 1,67 триллион рублду түздү. Күн сайын Wildberries аркылуу 8 миллион заказ берилет.


Wildberries дин ассортименти россиялык жана чет элдик бренддердин продукциясын камтыйт жана алар: кийим-кече жана бут кийим, аксессуарлар, сулуулук буюмдары, балдар буюмдары, тиричилик техникасы жана электроника, тиричилик буюмдары, зергер буюмдары, тамак-аш, китептер, санариптик товарлар жана башкалар.


Аталган компания Forbes " Рунеттеги 10 мыкты сатуучу" рейтингинде 1-орунду ээлейт. Data Insight аналитикалык агенттигинин маалыматына ылайык, Wildberries алты жыл катары онлайн сатуу боюнча Орусиядагы эң ири интернет-дүкөн болуп келет. SimilarWeb дин маалыматы боюнча, Wildberries Орусиядагы эң чоң он интернет ресурстардын бири болуп эсептелет.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу