Кыргызстандарт өкүлдөрү “EXPO EURASIA – KYRGYZSTAN 2023” Эл аралык универсалдуу өнөр жай көргөзмөсүнө катышууда

Новости
03-Апрель 2023-ж.
1427

Кыргызстандарттын ата мекендик ишканалар менен болгон иш-аракеттери тууралуу маалымдуулукту жогорулатуу максатында 2023-жылдын 29-31-мартында Кыргызстандарттын өкүлдөрү «EXPO EURASIA - KYRGYZSTAN 2023» Эл аралык универсалдуу өнөр жай көргөзмөсүнө катышты.

Кыргызстандарт, Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуу жөнүндө» жана «Өлчөөлөрдүн бирдейлигин камсыз кылуу жөнүндө» мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасындагы стандартташтыруу жана метрология боюнча улуттук орган болуп саналат жана азыркы учурда Кыргызстандарт менчигинин түрүнө карабастан бардык кызыкдар болгон тараптарга мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүдө. 

Кыргыз Республикасынын улуттук стандарттарынын долбоорлоруна, стандартташтыруу жаатындагы стандартташтыруу эрежелерине жана сунуштарына, уюмдардын стандарттарына экспертиза жүргүзүү;

- Стандартташтыруу боюнча документтердин көчүрмөлөрүн издөө, тандоо жана кагаз же электрондук алып жүрүүчүдө берүү жана маалымат абоненти тарабынан кардарларды тейлөө;

- Тиешелүү формадагы документти берүү менен өтүнмөлөр жана келишимдер боюнча ченөө каражаттарын текшерүү же калибрлөө;

- Белгиленген формадагы документти берүү менен кардарлардын талабы боюнча ченөө каражаттарынын тибин бекитүү же метрологиялык аттестациялоо;

- Шайкештиги милдеттүү түрдө ырасталууга тийиш болгон арыздар жана келишимдер боюнча тамак-аш азыктарына, эл керектөөчү товарларга, күйүүчү-майлоочу материалдарга, машина курууга, электр техникасына, адамдардын өмүрү жана ден соолугу, жаныбарлар жана өсүмдүктөр, айлана-чөйрө үчүн коопсуз шайкештик сертификаттарын берүү/ декларацияны каттоо;

- Тамак-аш азыктарына, эл керектөөчү товарларга, күйүүчү-майлоочу материалдарга, машина курууга, шайкештиги милдеттүү түрдө баалануучу электр-техникалык буюмдарга, арыздар жана келишимдер боюнча лабораториялык изилдөөлөрдү жүргүзүү;

- Кадрлардын квалификациясын жогорулатуу жана кесиптик кайра даярдоо.

Бардык сыноо жана калибрлөө лабораториялары, ошондой эле Кыргызстандарттын сертификациялык органдары эл аралык стандарттарга ылайык улуттук аккредитациялоо органында да, Германиянын эл аралык таанылган аккредитациялоо органында да аккредитацияланган жана жогорку квалификациялуу кадрларга ээ. Сертификациялоо иштеринин бардык түрлөрү сертификацияланууга тийиш болгон продукцияны сыноо менен катуу тартипте жүргүзүлөт.

Көргөзмө жогорку сапаттагы ата мекендик жана чет элдик продукцияларды жана кызматтарды ички жана тышкы рынокто жылдыруу, ишканалар менен Евразия өлкөлөрүнүн ортосундагы экономикалык, илимий-техникалык, маданий өз ара байланышты өнүктүрүү максатында өткөрүлүүдө.

Көргөзмөнүн тематикасы:

- кайра иштетүү жана жеңил өнөр жай продукциялары;

-энергетика;

- эмерек;

- бал жана бал азыктары;

- сүт азыктары;

- транспорт жана логистика;

- банктар жана камсыздандыруу компаниялары;

- айыл чарба техникасы.

Ошондой эле, көргөзмөнүн алкагында сыр фестивалы жана балдын көргөзмөсү («Бал челек - 2023») өткөрүлөт.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу