Азия өнүктүрүү банкынын Кыргызстандагы учурдагы долбоорлору тууралуу

Новости
31-Март 2023-ж.
912

Бүгүн, 2023-жылдын 31-мартында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министринин орун басары Канат Абдрахманов менен Азия өнүктүрүү банкынын (мындан ары - АӨБ) АӨБ директору Канокпан Лао-Арая айым башында турган өкүлдөрүнүн долбоорлордун портфели менен таанышуу боюнча жолугушуусу болуп өттү. 


Жолугушуунун негизги максаты - Кыргыз Республикасында ишке ашырылып жаткан жана ишке ашыруу пландаштырылган АӨБ долбоорлорунун портфели менен таанышуу. Ишке ашырылып жаткан долбоорлордун абалы, ошондой эле Борбордук Азиялык аймактык экономикалык кызматташтыктын алкагындагы долбоорлор каралды.


Өзүнчө 2023-жылга техникалык жардам көрсөтүү долбоорлору талкууланып, анын жүрүшүндө министрдин орун басары АӨБга турак жай программасын ишке ашыруу үчүн көрсөтүлүүчү колдоону көбөйтүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну өтүндү. Тараптар салыктык башкаруу, санариптештирүү жана фискалдык жөнгө салуу чараларын автоматташтыруу жаатындагы долбоорлорду ишке ашырууну талкуулашты.


Ошондой эле ар кыл тармактарда долбоорлорду ишке ашыруу боюнча аткарылган иштер, атап айтканда, «Экономиканы диверсификациялоо программасы – 3-подпрограмма» боюнча бюджеттик колдоо долбоорлору жана КР «Кризиске каршы планын» ишке ашырууга көмөк көрсөтүү боюнча оң баа берилди. 


Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасы менен кызматташуунун негизги багыттары, ошондой эле аларды өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттары менен шайкеш келтирилип өлкөнүн улуттук стратегиялык өнүгүү программаларында чагылдырылган 2023-2027-жылдарга АӨБнын Кыргыз Республикасы менен Өнөктөштүк программасынын долбоорун иштеп чыгуу маселеси көтөрүлдү.


Министрдин орун басары К.Абдрахманов АӨБга Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирип, Азия өнүктүрүү банкы өлкөнүн стратегиялык өнөктөшү болуп санала тургандыгын, ал Кыргызстанга өнүгүүнүн бардык негизги багыттары боюнча олуттуу колдоо көрсөтүп жатканын белгиледи.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу