Эттин дүң жана чекене баасын көзөмөлдөө жөнүндө

Новости
31-Март 2023-ж.
1861

Бишкектеги Ош базарындагы эттин дүң жана чекене баасына мониторинг жүргүзүүнүн алкагында бул базарга этти негизинен Чүй жана Нарын облустарынын дыйкандары жеткирип жатканы аныкталды.

Тактап айтканда, Ош базарынын эт павильонунда андан ары дүң жана чекене сатылат.

Учурда эттин чекене баасы төмөнкүдөй:- уй эти 500с./кг - 580с./кг

- кой эти 480с./кг - 540с./кг

Ошондой эле, КР Экономика жана соода министрлигине караштуу Монополияга каршы кызмат департаментинин кызматкерлери тарабынан дүң жана чекене соода менен алектенген ишкерлер жана жеткирүүчүлөр арасында эттин баасынын негизсиз көтөрүлүшүнө жол бербөө боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. 

Мындан тышкары, ишкерлерге жана жеткирүүчүлөргө Кыргыз Республикасынын «Атаандаштык жөнүндө», «Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө» жана «Өлчөөлөрдүн бирдейлигин камсыздоо жөнүндө» мыйзамдарынын талаптарын сактоо маселелери боюнча түшүндүрмөлөр берилди.

Эттин баасына мониторинг жүргүзүү бөлүмүнүн иши улантылат.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу