Бажы кампасынын бажы жол-жобосун колдонуу боюнча эксперимент жүргүзүүсү жөнүндө

Новости
30-Март 2023-ж.
1531

2023-жылдын 28-мартында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин «Евразиялык экономикалык бирликке мүчө мамлекеттерде пилоттук долбоорду (экспериментти) өткөрүүнүн айрым маселелери жөнүндө» буйругун ишке ашыруу максатында «Товарлардын тышкы электрондук соодасы чөйрөсүндө» Кыргыз Республикасына импорттолуучу товарларга карата бажы кампасынын бажы жол-жобосун колдонуу менен чек ара (тышкы) электрондук коммерциянын алкагында жеке жактардын кийинки сатып алууларынын бажы операцияларын жүргүзүү боюнча эксперимент жүргүзүү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтому кабыл алынды.

Бул Жобо жеке жактар тарабынан трансчек аралык (тышкы) электрондук коммерциянын алкагында кийин сатып алуу үчүн ташылып келинген товарларга карата бажы кампасынын бажы жол-жобосун колдонуу боюнча эксперимент жүргүзүүгө багытталган («Бажы кампасы» концепциясы) .

Токтомдо белгиленгендей, эксперименттин алкагында электрондук коммерциянын оператору төмөнкүлөр болот:

- «Кыргызпочтасы» АКсы;

- Мамлекеттик бажы кызматынын чечиминин негизинде аймагында эл аралык почта алмашуу жерлери түзүлгөн бажы кампаларынын ээлери.

Бул эксперимент Евразия экономикалык биримдигинин мыйзамдарын түзгөн тиешелүү эл аралык келишимдер жана актылар күчүнө киргенге чейин жүргүзүлөт.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу