Өнөр жай боюнча кыргыз-орус жумушчу тобунун 4-жыйынынын протоколуна кол коюлду

Новости
28-Март 2023-ж.
1374

2023-жылдын 28-мартында Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын алкагында Экономика жана коммерция министрлигинин аянтында Россия Федерациясынын Өнөр жай жана соода министрлиги менен бирдикте өнөр жай боюнча кыргыз-орус жумушчу тобунун 4-жыйыны болуп өттү. 

Кезектеги жыйынды КР экономика жана коммерция министринин орун басары Айнура Үсөнбекова жана Россия Федерациясынын өнөр жай жана соода министринин орун басары Алексей Груздев алып барышты.

Жолугушууга эки өлкөнүн өнөр жай ишканаларынын өкүлдөрү да катышты. 

Бул аянтчаплатформа Тараптарга тармактагы келечектүү багыттарды аныктоого мүмкүндүк берди. Атап айтканда, микроэлектроника, унааларды чогултуу өндүрүшү, энергетика, санариптик технологиялар жана бионика тармагындагы маселелер талкууланды.

Жолугушуунун жыйынтыгында өнөр жай боюнча кыргыз-орус жумушчу тобунун 4-жыйынынын протоколуна кол коюлду.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу