Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандырууну этап-этабы менен киргизүү жөнүндө

Новости
28-Март 2023-ж.
1421

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги өлкөдө камсыздандыруу маданиятын өнүктүрүү, ошондой эле жол-транспорт кырсыгынын кесепетинен жабыркаган тараптын өмүрүнө, ден соолугуна же мүлкүнө келтирилген зыяндын ордун толтурууну камсыз кылуу максатында , 2023-жылдын 24-мартында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтому кабыл алынып, анда автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандырууну (ОСАГО) этап-этабы менен киргизүүнү сунуштаганын билдирет:

- башка мамлекеттерде катталган транспорт каражаттары үчүн - 2023-жылдын 1-апрелинен тартып;

- юридикалык жактардын, анын ичинде мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын менчигинде же карамагында болгон транспорт каражаттары үчүн - 2023-жылдын 1-апрелинен тартып;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык катталган транспорт каражаттары үчүн - 2024-жылдын 1-январынан тартып.

Министрлик белгилегендей, бул токтомго ылайык, 2023-жылдын 1-апрелинен тарта айдоочу транспорт каражатын токтотууда жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча кызматкердин талабы боюнча ОСАГО келишимин (камсыздандыруу полисин) көрсөтүүгө тийиш.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу