
Туруктуу өнүгүүнү стратегиялык пландоо боюнча методология, стратегиялык пландоонун негиздерине мамлекеттик стратегиялык документтердин шайкештигин баалоо жана инвентаризациялоо боюнча методология, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үчүн туруктуу өнүгүүнү стратегиялык пландоо боюнча колдонмо иштелип чыкты.
Буга байланыштуу, туруктуу өнүгүүнү стратегиялык пландоонун бекитилген ыкмаларына жана методологиясына ылайык келтирип, туруктуу өнүгүүнү учурдагы региондук программаларына интентаризация жүргүзүлүүдө.
Статс-катчы Айдай Курманова белгилеп кеткендей, 2013-2014-жж. министрлик Нарын, Ысык-Көл жана Талас облустарын туруктуу өнүктүрүү стратегияларын иштеп чыгууга эксперттик коштоону жана колдоо көрсөткөн. 2015-жылы ушундай иш Баткен жана Жалал-Абад облустары үчүн, Ош облусунун жана Ош шаарынын тийешелүү адистерин окутуу пландаштырылган.
Министрликтердин, ведомстволордун аймактык бөлүмдөрүнүн, облустук, райондук администрациялардын, айылдык округдардын жетекчилери жана кызматкерлери, жарандык коомчулуктун, ЖОЖдун, Баткен, Жалал-
