Кыргыз Республикасы менен Кытайдын ортосундагы өткөрүү пункттарында «Акылдуу бажы, акылдуу чек ара жана акылдуу байланыш» («3S») долбоорун ишке ашырууга кызыкдар болуусу жөнүндө

Новости
27-Март 2023-ж.
1204

Дүйнөлүк соода уюмунун (ДСУ) сооданы жеңилдетүү боюнча комитетинин отурумунда комитеттин алкагында КЭРдин демилгеси боюнча санариптик революция жана интеллектуалдык технологиялар аркылуу сооданы жеңилдетүү боюнча ДСУнун макулдашуусун ишке ашыруу боюнча билдирүү жасалды.

Кыргыз Республикасынын ДСУ маселелери боюнча өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Нурбек Максүтов сөз сүйлөп, Кытай делегациясына санариптик революция жана интеллектуалдык технологиялар аркылуу сооданы жеңилдетүү боюнча Дүйнөлүк соода уюмунун макулдашуусун ишке ашырууга көмөктөшүү боюнча доклады үчүн ыраазычылык билдирди.

Белгиленгендей, сооданы жеңилдетүү, экспорттук жана импорттук жол-жоболорду модернизациялоо жана шайкеш келтирүү чакан экономикасы бар жана деңизге чыга албаган өлкө катары Кыргыз Республикасы үчүн өтө маанилүү маселе болуп саналат жана Кыргыз Республикасы тарабынан ДСУ боюнча көтөрүлгөн талкуулардын предмети болгон. 

Кыргыз Республикасы товарларды, анын ичинде транзиттик товарларды ташууну, чыгарууну жана жол-жоболоштурууну тездетүү боюнча эффективдүү жоболорду сунуштаган, дүйнөдөгү сооданы жеңилдетүү жана көбөйтүү үчүн жетиштүү натыйжалуу механизмдерди камтыган Эркин соода жөнүндө макулдашуунун ишке ашуусуна чоң үмүт артат. Ошондой эле ал бажы жана башка тиешелүү органдардын сооданы жеңилдетүү жана бажылык тартипти сактоо боюнча натыйжалуу кызматташуусу боюнча чараларды белгилейт.

Ушуга байланыштуу, КНРдин СЖЖМ комплекстүү жана сапаттуу ишке ашыруу зарылдыгы жөнүндө багытталган коммуникациясын толугу менен колдой тургандыгы белгиленди, ал санариптештирүү, чоң маалыматтар, интеллектуалдык алгоритмдер жана жаңы технологиялар менен толукталышы керек. 

Кытай тарабынан сунушталган документ, Н.Максутов айткандай, маалыматты жарыялоо жана жеткиликтүү кылуу, товарларды чыгаруу аркылуу көбүрөөк ачык-айкындуулукка жетишүү сыяктуу СЖЖМнын өтө маанилүү аспектилерине интеллектуалдык технологияларды киргизүү боюнча абдан эффективдүү жана өз убагында берилген сунуштарды жана бажылык жол-жоболоштуруу, чек ара органдарынын кызматташуусу, эркин транзит жана бажы кызматташтыгын камтыйт.

Кыргыз Республикасынан келген өкүл учурда Кыргыз Республикасынын бажы органдары реформалоонун жана өз ишинин принциптерин кайра багыттоо алдында турганын белгиледи. Атап айтканда, ушул этапта Кыргыз Республикасынын Бажы кызматынын Концепциясында аныкталган иш-чараларды ишке ашыруунун алкагында соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү жана өткөрүү пункттары аркылуу товарларды жана транспорт каражаттарын өткөрүүдө бажылык башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу бажы операцияларынын бардык деңгээлдеринде ачык-айкындуулукту, мониторингдин инновациялык инструменттерин жана өткөрүү пункттарында жүргүзүлүүчү бизнес-процесстерди талдоону, ошондой эле өнөктөш өлкөлөр менен маалымат алмашуу куралдарын камсыз кылуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

КР МБК Концепциясын ишке ашыруунун натыйжасында Кыргыз Республикасында бажы органдарынын иш ыкмасын өзгөртүү, бажы операцияларын оптималдаштыруу жана бажы процесстерин башкарууга жана аналитикалык изилдөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча автоматтык түрдө негизги чечимдерди кабыл алууга мүмкүндүк берүүчү заманбап маалыматтык системаны түзүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Бүгүнкү күндө жаңы маалыматтык системаны, транспорт каражаттарынын кыймылын бекитүүнүн жана көзөмөлдөөнүн жаңы механизмдерин иштеп чыгуу, толугу менен кагазсыз технологияга өтүүгө негиз салуу боюнча иштер башталды.

Белгилей кетсек, бажылык башкарууну санариптештирүү алкагында жүргүзүлүп жаткан иш-чаралар менен катар өткөрүү пункттарынын инфраструктурасын реконструкциялоо жана жакшыртуу иштери жүрүп жатат. Кыргыз Республикасынын бажы системасын реформалоонун негизги принциптерин жана багыттарын даярдоодо өлкө бажы органдарында маалыматтык системаларды киргизүү жана колдонуу боюнча эл аралык мыкты тажрыйбаларды үйрөнүүдө, бул жагынан Кыргыз Республикасы КЭРдин Башкы бажы башкармалыгы алдыңкы технологияларды колдонууда жана бажылык башкарууну өнүктүрүүдө жетишкен реформаларга оң көз карашта. Жогоруда айтылгандарга байланыштуу Кытай тараптын сооданы жеңилдетүүдөгү бай тажрыйбасын жана бажылык башкарууну автоматташтыруу чараларын эске алуу менен, ошондой эле эки өлкөнүн бажы органдарынын ортосунда узак мөөнөттүү кызматташтык бар экендигин эске алуу менен, Кыргыз Республикасы ДСУнун комитетине КЭР менен биргеликте Кыргыз Республикасы менен КЭР ортосундагы өткөрүү пункттарында жогорку технологияларды колдонуу боюнча Кытай тарап Монголия жана башка мамлекеттер менен болгон тажрыйбанын негизинде “Акылдуу бажы, акылдуу чек ара жана акылдуу байланыш” (“3S”) долбоорун ишке ашырууга кызыкдарлыгын билдирди. 

Кыргыз Республикасы бул биргелешкен иш негизинен ДСУнун Сооданы жеңилдетүү боюнча макулдашуусунун тиешелүү жоболорун сапаттуу ишке ашырууну чагылдырып, Кыргыз Республикасы менен КЭР ортосундагы эл аралык сооданы өнүктүрүүгө олуттуу салым кошот деп ишенерин билдирди.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу