Жеңил өнөр жайдын ишкерлери менен жолугушуу

Новости
23-Март 2023-ж.
1483


Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Эргешевич Төрөбаевдин жетекчилиги астында өлкөнүн жеңил өнөр жай ишканаларынын жетекчилери жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү. 

Б.Э. Төрөбаев жеңил өнөр жайы өлкө экономикасынын динамикалуу өнүгүп жаткан тармактарынын бири экенин белгилеп, жеңил өнөр жай кызматкерлеринин ишмердүүлүгүнүн маанилүүлүгүн, анын аркасында жаңы жумуш орундары камсыздалып, мамлекеттин социалдык-экономикалык милдеттери чечилип жатканын белгиледи.

Жеңил өнөр жайды өнүктүрүүгө артыкчылык берип, мамлекет башчысы  Садыр Нургожоевич Жапаровдун колдоосу менен 2022-жылы Салык кодексинин жаңы редакциясы кабыл алынган, ага ылайык тигүү жана текстиль өнөр жайынын субъектилери үчүн жөнөкөйлөтүлгөн салык системасы иштейт.

Жеңил өнөр жайды кластердик система аркылуу өнүктүрүү зарылчылыгы да айтылды, бул өндүрүштүн көлөмүн, жумушчу орундардын санын көбөйтүп, ири ишканалардын түзүлүшүнө шарт түзөт.

Жолугушууда ишкерлер тармакта орун алып жаткан көйгөйлөрдү, атап айтканда, жумушчулардын жетишсиздиги, тигүү өнөр жайы үчүн импорттук сырьенун негизги базары болгон Кытайга виза алууда колдоо көрсөтүү зарылдыгын, тигүү тармагына баштапкы документтердин жоктугун, электрондук жол баракчасын алууда виртуалдык кампаны түзүү жана башка маселелерди айтышты.

Кеңешменин жыйынтыгында мамлекеттик органдардын жетекчилерине бардык көтөрүлгөн маселелерди чечүү боюнча тиешелүү тапшырмалар берилди, атап айтканда, тигүү өндүрүшүнүн технологиясын өркүндөтүү жана модернизациялоо, инновациялык программалык камсыздоону колдонуу менен өндүрүш процесстерин автоматташтырууга өтүү, өндүрүштү субсидиялоо маселелерин иштеп чыгуу жана өндүрүүчүлөрдүн эл аралык ири көргөзмөлөргө катышуусу, жеңил өнөр жай ишканаларын жеңилдетилген кредиттөө, анын ичинде жабдууларды лизингге берүү боюнча тапшырмалар берилди.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу