Сыйлыгыңыз куттуу болсун!

Новости
22-Март 2023-ж.
1540

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин макроэкономикалык саясат башкармалыгынын экономика секторлорун макроэкономикалык талдоо бөлүмүнүн башчысы Насирдин Шамшиевдин эл үчүн жасаган эмгеги татыктуу бааланды. Министр Данияр Амангелдиевдин буйругу менен “Узак мезгилдердеги таза иши, кесиптик чеберчилиги, кызматтык ишиндеги жогорку көрсөткүчтөргө жетишкендиги, экономиканын өнүгүүсүнө кошкон олуттуу салымы үчүн Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин 1-даражадагы “Эмгек сиңиргени үчүн” медалы менен сыйланды. 

Аппарттык кеңешмеде жакшы каалоо-тилектерин айтып, сыйлыкты ага министр Д.Амангелдиев тапшырды.

Сыйлыгыңыз куттуу болсун, урматтуу Насирдин Шамшиевич!

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу